http://ktrkdev.ktrk.kg/ДКО: Спорттук таймаштар жыйынтыкталды

ДКО: Спорттук таймаштар жыйынтыкталды

8 Сент 2018 , 5:40 1872

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан спорттук таймаштар бүгүн жыйынтыкталды. 

Спорт борборунда бир гана жыйынтыктоочу иш-чара өтүп ага абсолюттук салмактагы билеги күчтүү балбандар катышууга жолдомо алган. Эске салсак, мында бир нече өлкөнүн балбандары күч сынашкан.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү. Дал ушул таймаш спорт борборунда күйөрмандардын кызыгуусун жараткан оюндардан. Себеби анын байге фондусу да чоң жана анын катышуучулары абсолюттук салмактагы балбандар. Күч сынагына аксакалдар, балбандар анан албетте калыстар тобунун жоон тобу көзөмөл кылат.

Биринчиликти алган Айдин Мөңгүш жыйырма төрт жашта. Россия федерациясынын Красноярск крайынан келген. Балбанга 1 миллион сом баш байгеден сырткары сындуу күлүк тартууга берилди.


Новости по дате