http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз жери көчмөн маданиятынын улуу ордосу экенин көрсөтө алды

Кыргыз жери көчмөн маданиятынын улуу ордосу экенин көрсөтө алды

9 Сент 2018 , 15:29 1776

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушуну менен үчүнчү жолу кыргыз жергесинде өттү. Албетте иш-чараны алгач уюштуруп жатканда, ал кандай деңгээлде болот, келечеги барбы деген да көп пикирлер, талкуулар болгон. Бирок, Кыргызстан дүйнө элинин, анын ичинен көчмөн тарыхы бар элдердин башын бириктирип, биримдиктин символу болгон ири иш-чараны түптөп, дүйнөгө таанытты.



Оюндар жыл санап башкача өңүт алып, маселен биричи оюндарда мелдештер спорттун 10го жакын гана түрү боюнча өткөрүлүп, 600дөй эле спортчу катышкан. Төрт жылдан бери көчмөн оюндарына көптөгөн жаңылыктар кирди. Спорт оюндарынын түрлөрү көбөйүп, катышуучулардын саны 3 миңден ашты. Чакырууну 70 тен ашык мамлекет кабыл алды. 

Быйылкы иш-чаранын ачылыш салтанатына Түркия, Казакстан, Татарстан мамлекеттеринин президенттери, Венгриянын премьер-министри катышты. Мунун өзү оюндар эл аралык мааниге ээ болуп, жыл санап аброю артып баратканынан кабар берет.



Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 600дөн ашык чет элдик жана 700дөй жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышты. Анын ичинде телеканалдар, радио түйүндөр, гезит-журналдар, маалымат агенттиктери жана жеке блоггерлер да болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 60тан ашуун мамлекеттерге көрсөтүлүп, ал эми Кыргызстанга бул иш-чараны көрүүгө 60 миңдей чет элдик туристтер келди. 





Новости по дате