http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз эли көчмөн калктын маданиятын дүйнө жүзүнө таамай көрсөтө алды

Кыргыз эли көчмөн калктын маданиятын дүйнө жүзүнө таамай көрсөтө алды

9 Сент 2018 , 8:54 372

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү “Кырчын” жайлоосунда өттү. Бул жерде “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” деген аталышта театралдаштырылган фестиваль, мындан сырткары салбуурун оюндарынын түрлөрү боюнча мелдештер орун алды.


Миңден ашык боз үй тигилип, мында келген меймандар көчмөндөрдүн чыныгы жашоосуна сүңгүп кирип, каада салт, ырым жырымдарынан тартып, кол өнөрчүлөрдүн жасаган эмгектерине чейин көрсөтүлдү. 


Кырчын жайлоосуна бир жуманын ичинде 200 миңден ашык киши келип кетти. Алардын басымдуу бөлүгү туристтер болду. Кыргыз эли көчмөн калктын маданиятын дүйнө жүзүнө таамай көрсөтө алды.


Касиеттүү эл. Уруктан уруу курап, уруудан улутка жетип, хандык күтүп канча кылым карыткан. Узак жол баскан кыргыздар өз сапарында нечендеген бордошторду, акыреттик досторду жана кошуна-колоңдорду күтө алды. Көп эл менен саясий, маданий жана элчилик мамиле куруп жашап келет.


Мына ушул улуу эл глобалдашуу заманында, тоо койнунда миңдин тегерегинде боз үй тигип, көчмөндөр жашоосун дүйнө жүзүнө таанытты. Көөнөрбөс маданиятын көккө көтөрүп, көп элдерге көрсөттү. Көпчүлүк көчмөндөр көрөңгөсүн көрүп кетти.


Кырчындагы кызыктар бир жумага созулду. Бул аралыкта 700дөн ашык маданий жана спорттук иш-чаралар болуп, түрдүү сынактар өттү. Мисалы, боз үй тигүү боюнча жарышта рекорддук көрсөткүчкө жетишилди. Ош шаарынан келген боз үй чеберлери 7 мүнөт 47 секундада тигип бүтүштү.

Новости по дате