http://ktrkdev.ktrk.kg/ДКО: көчмөн элдин маданиятын даңазалаган этнофестиваль

ДКО: көчмөн элдин маданиятын даңазалаган этнофестиваль

9 Сент 2018 , 9:00 135

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айылында этностилде кооздолгон Номад амфитеатры ачылып, 4 күн бою көчмөн элдин маданияты даңазаланды.

Мында “Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына 27 өлкөдөн 400гө чукул өнөрпоз катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Улуттук ыр бийлер аткарылып, шөкөттөлгөн кийимдердин көргөзмөсү уюштурулган. Катышуучулар өз мамлекетинин тарыхын, маданиятын, элинин турмушун чагылдырган улуттук программаларын тартуулашты. 


"Көчмөндөр ааламы" эл аралык этномаданий фестивалы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасын өзүнө камтыды. 4-сентябрда Бостери айылындагы Номад амфитеатрында башталган иш-чарага, дүйнөнүн ар тарабынан келген ошондой эле жергиликтүү бир катар өнөрпоздор чогулуп, көчмөн элдеринин жана дүйнө жүзүндөгү этностордун этномаданиятын , салттарын өнүктүрүүгө бел байлап, даңазалап турушту.


Чет элден келген ар бир мейманды жылуу маанайда тосуп алууга баардык шарттар каралган. Этнофестивалдын катышуучулары атайын даярдалган боз үйлөргө жайгаштырылып, 4 күн катары менен өз өнөрлөрүн көргөзүүгө ашыгып турушту.

Новости по дате