http://ktrkdev.ktrk.kg/Мекендештерин тебелетип кеткен кыргызстандык айдоочуга кылмыш иши козголду

Мекендештерин тебелетип кеткен кыргызстандык айдоочуга кылмыш иши козголду

11 Сент , 10:22 4028

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мекендештерин тебелетип кеткен кыргызстандык айдоочуга адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен кылмыш иши козголду. Жердештерин ачууга алдырып атайын сүзгөндүгүн айдоочу өзү моюнга алгандыгын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Кырсыктан 10 адам жабыркап, бирөө алган жаратынан улам каза тапкан. Учурда жабырлануучулардын арасынан дагы үч адамдын абалы оор, калгандарынын ден соолугу канаттандырарлык деп табылган.

Маалыматтарга караганда, окуя жекшембинин таңында Москва шаарындагы Новечеркасск бульварында орун алган. Кырсыкка себепчи айыпкер айдоочунун бир тууган карындашы экендиги айтылууда. Түнкү клубдардын биринде туулган күнүн белгилеп жаткан карындашына тийишкен башка топтун балдары менен мушташып, токмок жеген  айдоочу өч алуу максатында сыртка чыкканда каршылаштарын, анын ичинен окуяга тиешеси жок адамдарды да унаасы менен тебелетип кеткен. Россиядагы  эмгек мигранттары кийинки күндөрү жердештер катышкан кылмыш иштери  арбып бараткандыгын билдирип, анын таасири башкаларга тийиши мүмкүндүгүнө кооптонушууда.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате