http://ktrkdev.ktrk.kg/ Ош шаарындагы А.Навои атындагы мектеп-гимназиясы өз ишин баштады

Ош шаарындагы А.Навои атындагы мектеп-гимназиясы өз ишин баштады

20 Сент , 10:21 1121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы окуу жылынан тартып Оштогу окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясы жаңы “Достук мектеби” аталышына ээ болду. Кыргызстан, Өзбекстан мамлекеттеринин достугунун данакери аталган мектепти Өзбекстандын президенти белек кылган. 

630 окуучуга ылайыкташкан мектеп 1-сентябрь билим күнүнө карата майрам ээлерине белекке берилди. Билим уясынын ачылыш салтанатына эки өлкөнүн парламенттеринин спикерлери катышкан. Объектин долбоору кыргыз, өзбек мамлекеттеринин 2017-жылдын 28-июлундагы өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде ишке ашкан.


Новости по дате