http://ktrkdev.ktrk.kg/Жаңы окуу жылына карата өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет

Жаңы окуу жылына карата өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет

21 Сент , 12:05 2886

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет. 

Муфтияттан маалымдагандай, диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата план-программалардын түзүлүшү, мугалимдер менен окуучулардын даярдыктары, окуу жайлардын тазалыгы, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, санитардык абал тыкыр текшерилет. 

Муну менен катар Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмү жер жерлердеги диний окуу жайларда өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүшөт.



Новости по дате