http://ktrkdev.ktrk.kg/Өмүрүнүн 51 жылын кыргыз телерадиосуна арнаган Тамара Жаманабаева

Өмүрүнүн 51 жылын кыргыз телерадиосуна арнаган Тамара Жаманабаева

21 Сент , 23:57 1385

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесине эмгеги сиңип, легендага айланган Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ”Даңк” медалынын ээси, белгилүү диктор Тамара Жаманбаева үзүрлүү эмгек жолун алып баруучулуктан баштаган. Өмүрүнүн 51 жылын кыргыз телерадиосуна арнаган инсан туурасында кийинки матиериалда сөз болот.

Миллиондогон адамдын сынынан өтүп ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калган Тамара Жаманбаева өмүрүнүн 50 жылын арнаган жумушуна келип, өткөн күндөрү менен ой бөлүштү.

Элдин күзгүсү, улуттун жүзү болгон кыргыз телерадиосун өнүктүрүүгө нар көтөргүс салымын кошкон Жаманбаеванын ысымы чындыгында ар бир кыргызга эң жакын. Анткени ошол кезде көрүүчүлөр теледикторлуктун, сулуулуктун символу болгон Тамара Жаманбаеваны ашыгып күтүп көрүшчү.

Чоң жоопкерчиликти талап кылган дикторлук кесибиндеги тажрыйбалуулугуна, кагаз карабай сүйлөгөнүнө, орусча-кыргызча бирдей алып барган кесипкөйлүгүнө көрүүчүлөр суктанса, ишин үзгүлтүккө эч учуратпаган тактыгына кесиптештери таң берчү. Дал ушундай татыктуу эмгеги менен кыргыз теледикторлорунун арасынан “жогорку категорияны” кийинчерээк “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген ардактуу наамды эң биринчилерден болуп алган. Ошондой эле “СССРдин телерадиосунун отличниги” наамына татып Советтер Союзунун “мыкты диктору” да болгон.

Негизинен телевидениенин түз эфириндеги дээрлик көрсөтүүлөрдү, майрамдык демонстрацияларды, мамлекеттик масштабдагы концерт-кечелерди көркүнө чыгара алып барчу. 1965-жылы Москвадагы Чоң театрдын оркестри келип катышкан чоң концертти, андан кийин Кыргызстандын Россияга өз ыктыяры менен кошулгандыгынын жана Токтогулдун 100 жылдыгына арналып Москвадагы Кремлдин Сьездеддер сарайы менен Союздар үйүнүн Колонна залында өткөрүлгөн салтанаттуу чоң концерттерди Россиянын эмгек сиңирген артисти Б.Брунов менен бирге алып барып элдин эсинде калган. Анда СССР жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Н.В.Подгорный менен СССР министрлер Советинин төрагасы А.Н.Косыгин Жаманбаеванын алып баруучулук чеберчилигине эң жогорку бааларын беришкен. Талыкпай татыктуу иштеп жүргөн убагында Россиянын өтө баалуу тандалган сейрек гана адамдар чыгуучу “Советтик радио жана телевидение” деген журналынын биринчи мукабасына режиссёр-кесиптеши менен чыккан.

Ал жөнөкөй дикторлуктан баштап КРнын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, КРнын Ош облусунун телерадиокомитетинин төрайымы, Борбордук теле көрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн берүүлөрдү даярдоо боюнча башкы редактор, улуттук радиотелекөрсөтүү комитетинин окуу борборунун директору сыяктуу көптөгөн жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салымын кошкон.

Кыргыз телесининин карлыгачы катары көптөгөн дикторлорду, радиотележурналисттерди даярдап, 1995-жылы “Замана” таңкы телеберүүлөрүн уюштурган. Эже дээринен өтө чыйрак, эмгекчил, намыскөй болгондуктан, эл алдындагы милдетин өтө жооптуу сезүү менен эфирдин чыныгы жылдызы болуп татыктуу өз мектебин түзө алды.

Түйшүктөн тажабаган Тамара Жаманбаева учурда ардактуу эс алууда экенине карабай, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш Университетинин профессору болуп, Эсенгул Ибраев атындагы журналистика бөлүмүнүн студенттерине журналистиканын көп кырларын үйрөтүү менен катар “Алып баруучунун чеберчилигин” окутуп, келечек ээлерин тарбиялоодо. Ошондой эле ар бир алып баруучунун куралы болуп бере алчу “Күрөшүп жашап, азаптанып жеңишке жетиштим”, “Телевидение-менин өмүрүм” “Телерадиодо алып баруучунун чеберчилиги” деген китептердин автору .

Тамара Жаманбаева атак-даңкты солк этпей көтөрө билип, арзуусун түшүнүктүү өмүрлүк жары Акматбек Жаманбаевге арнап, Азиз, Алишер, Нурийла, Жамийла деген 4 баланын бактылуу энеси, 7 неберенин , 3 чөбөрөнүн сүйүктүү чоң энеси болду.




Новости по дате