http://ktrkdev.ktrk.kg/ Кыргызстан Эл аралык полиция биримдигине мүчө болуп катталды

Кыргызстан Эл аралык полиция биримдигине мүчө болуп катталды

28 Сент , 15:17 1731

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Эл аралык полиция биримдигине мүчө болуп, расмий катталды. Бул тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы ассоциациясынын президенти Шейшенбек Байзаков билдирди. Быйыл 23-сентябрда Роттердамда Эл аралык полиция биримдигинин 63-конгресси өткөн. Ага 60 мамлекеттин катарында Кыргызстан дагы биримдиктин расмий мүчөсү катары катышты. 

Бул артыкчылык кыргыз милициясынын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Биримдик аркылуу кызматташкан мамлекеттер эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоодо бири-бирине көмөктөшөт. Ошондой эле, кыргыз милициясынын аброюн көтөрүүгө, элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга жол ачат. Эл аралык полиция биримдиги 1950-жылы негиздеделген. Дүйнө жүзү боюнча 69 мамлекет биримдикке мүчө болуп катталган.




Новости по дате