http://ktrkdev.ktrk.kg/Окуучуларды куткаруу үчүн өмүрүн тобокелге салган жол коопсуздук кызматкери

Окуучуларды куткаруу үчүн өмүрүн тобокелге салган жол коопсуздук кызматкери

1 Окт , 14:19 776

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй проспекти менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде маршруттук кичиавтобустун айдоочусу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди коюп кетти. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй проспектисинде балдар жөө адамдар өтүүчү сызыктан өтүп бара жатканда инспектор балдарды көздөй жогорку ылдамдыкта келе жаткан маршрутканы көрүп, анын айдоочусун токтотуу максатында жолго чуркап чыккан. 

Күбө адамдардын айтымында, инспектор жолдун биринчи катарын чуркап өткөндөн кийин, экинчи катардан аны жогорку ылдамдык менен келаткан маршрутка коюп кеткен. Кырсыктан улам инспектор 10 метр аралыкка ыргып барып түшкөн. "Учурда ал ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын саламаттыгына кам көрүп жатышат" - деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы.


Новости по дате