http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Шаарды кара түтүнгө орогон мончолорго кандай чара көрүлөт?

Элдик репортер: Шаарды кара түтүнгө орогон мончолорго кандай чара көрүлөт?

1 Окт , 14:32 241

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада абаны күнүгө миңдеген автоунаалар булгаганы аз келгенсип, акыркы жылдары тигүү цехтеринен чыккан кездеменин калдыктарын жаккан мончолор көбөйдү. 

Алардын бири "Мадина" базарынын маңдайында жайгашкан үйдө күнү-түнү жагылган мончо. Мындай абаны кара түтүнгө орогон мончолор бул райондо көп жайгашкан. Алардын көпчүлүгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, кездемелердин калдыктарын жагышат. Бирок мэрия тараптан чара көрүлбөй келет. Өзгөчө дем алыш күндөрү эшик-терезелерди ача албай калабыз. Ансыз да боз туманга капталган борбор калаанын абасын бузгандарга чара көрүлөбү? - деп маалымат жөнөткөн шаар тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате