http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Кызыл-Аскердеги аялдамага оңдоо иштери зарыл

Элдик репортер: Кызыл-Аскердеги аялдамага оңдоо иштери зарыл

1 Окт , 16:00 194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын Кызыл-Аскер районунда араң турган аялдама бар. Эгерде шаардын бир обочо жеринде жайгашса да бир жөн, элдин агымы күнү түнү үзүлбөгөн бул жерде ушундай тамтыркайы чыккан аялдаманын турушу албетте көзгө жат көрүнөт. 

Же отура турган отургучу жок, ал эми жаан-чачында тешиктерге суу толуп элди каптайт. Кантип эле ушундай оркойгон жерлер мэриянын кызматкерлерине көрүнбөйт. Же көңүл коштук мамилеби? - деп нааразы болгон шаар тургуну аялдаманын  учурдагы абалын тартып жөнөткөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате