http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Мэриянын көңүл коштугунан 15 жылдан бери жарык, жол маселеси чечилбей келет

Элдик репортер: Мэриянын көңүл коштугунан 15 жылдан бери жарык, жол маселеси чечилбей келет

1 Окт , 16:19 217

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарындагы РЭС участкасынын тургундарынан кайрылуу. РЭС участкасы 2003-жылы бөлүнгөн, 15 жыл болсо да жарык, жол маселелери чечилбей келет.  Жолубуз сүрүлүп бүткөн, такыр  шагыл төгүлгөн эмес. Айыл тургундары өздөрү каражат чогултушуп, трансформатор, электр чубалгыларын, түркүктөрүн сатып алышкан. Тургундар ашар жолу менен техникаларды койдук. Мэрия эч кандай жардам берген жок. Бул айылда 60 түтүн жашайт. Электр чубалгыларынын тарылбаганын себеби элдер өз участкаларынан жолго чыгып кетишкен. Видеодо көрүп тургандай бул жол азыр 7 -8  метр болуп турат, негизи 12 метр болушу керек эле. Ошондо гана электр чубалгыларын тарттыра алмакбыз. Ушул маселебизди ким чечип берет,-деген кайрылуу менен кайрылышкан.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате