http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Авто унаа базарындагы таза суу маселеси

Элдик репортер: Авто унаа базарындагы таза суу маселеси

1 Окт , 16:55 344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башаламандыктын баары базарда. Бул убакытка чейин тамак-аш, дүр-дүйүм сатылган базарлардагы башаламандыктар боюнча боюнча маалымдамаларды чыгарсак (http://www.ktrk.kg/post/24374/kg , http://www.ktrk.kg/post/24157/kg , http://www.ktrk.kg/post/23753/kg ж.б.), бүгүнкү окурман авто унаа базарындагы көз жумуп басып кете албачуу көрүнүш боюнча видео материал жиберген. 

Видеодо көргөндөй, базарда жайгашкан "Риом" унаа жуучу жайынан чыккан суунун баары канализация жоктугуна байланыштуу жерге агып, артына көлчүк болуп каптайт. Ошол эле суу жайылган жерде, унаа жуучу жайдын артында элдин баары суу алган кудук жайгашкан. Канча тамактануучу жай болсо, ошол эле унаа жуучу жай ушул жерден суу алышат. Кудуктун үстү дагы жакшы жабылган эмес, жөн гана үстүнө 2 тилке шиферди таштап коюшкан. 

Ушул кудуктун айынан качан ууланып калабыз деп коркобуз, - деп билдирет окурман.

Акыркы күндөрү ар кандай оорулар көбөйүп жаткандыгын угуп эле атабыз, ушундай суудан тамак ичип, колдонгон адамдар анан кантип дени сак болушат? Тамак ичүүчү жайга кирген адамдардын баары эле биле беришпейт да кандай суу ичип жатышкандыгын.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате