http://ktrkdev.ktrk.kg/Ош шаарында кырсыктын тобокелин азайтууга арналган иш-чара өткөрүлөт

Ош шаарында кырсыктын тобокелин азайтууга арналган иш-чара өткөрүлөт

2 Окт , 10:55 956

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Бүгүн2-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында “5-октябрь–Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө”  арналган иш-чара башталды.

Иш-чаранын негизги максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу, коомчулукка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетин жоюу багытындагы иш-аракеттерди кеңири жайылтуу болуп саналат. Ага КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Осмонов, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы, шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү тургундар катышууда.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов салтанатты ачып жатып, республикабыздын аймагында бир айдан бери өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө токтолду:

“Кырсыктардын тобокелин азайтуу айлыгын белгилөө менен республикабыздын аймагында болуп кетүүчү табигый жана техногендик мүнөздүгү кырсыктардын тобокелин азайтабыз деген ишеничтемин. Себеби кырсыктардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана калкты бөөдө кырсыктардан оолак болуп, кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кырсыктардын коркунучун азайтуунун негизги багыттарынан болуп саналат”, - деди А. Мамбетов.

Иш-чара “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” жөнүндөгү төкмө акындын санат ыры менен коштолуп, аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү болуп, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын жана Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын  атайын техникаларынын жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана мектеп окуучуларынын көргөзмө материалдары менен коштолду.

Чогулган элге КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматынын медицина кызматы менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркаган имаратта жабырлануучуларды эвакуациялоо жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү иш  жүзүндө көрсөтүп беришти.

Андан кийин өрт өчүрүүчүлөрдүн өрт чыккан учурда өрттү өчүрүү жана жогорку басымдагы аппарат менен жабырлануучуларды куткарууну практикалык түрдө көрсөтүштү.


Новости по дате