http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекте ЕККУнун парламенттик ассамблеясы өз ишин баштады

Бишкекте ЕККУнун парламенттик ассамблеясы өз ишин баштады

3 Окт , 23:54 1283

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы өз ишин баштады. Күзгү сессиянын расмий ачылышы мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп, ага 60ка жакын мамлекеттердин делегациялары катышууда. Жалпы пленардык жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Дастан Жумабеков жана уюмдун өкүлдөрү катышты. 

Европа коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин парламенттик ассамблеясынын кезектеги күзгү жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатат. Алдыдагы күндөрү Бишкек эл аралык коопсуздук, саясат, экономика, айлана чөйрөнү коргоо, парламенттик демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын сактоо боюнча талкуулардын чордонуна айланмакчы. Азыркы учурда өлкөгө Европа, Азия жана Түштүк Американын 57 мамлекетинен 200гө жакын эл өкүлдөрү келишти. 

ЕККУнун күзгү сессиясын кабыл алууга жогорку деңгээлде даярдык көрүлгөн. 200гө жакын расмий өкүл жана аларды коштоп келген делегация мүчөлөрү менен жалпы 300дөн ашык киши “Энесай” конок үйүнө чогулушту. 

Ардактуу меймандарга алгач кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Анда Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу, элинин улуулугу даңазаланган. Акыркы чейрек кылымдагы мамлекеттик башкаруу системасы, укуктук талаадагы өзгөрүүлөр, өлкөнүн эл аралык уюмдардагы ишмердиги баяндалган. Андан соң күзгү сессия расмий ачылып, президент Сооронбай Жээнбековго сөз берилди. Өлкө башчысы бардык катышуучуларга салам жолдоп, дүйнөдөгү эң ири эл аралык парламенттик форумду кабыл алуу парламенттик демократия жолун тандаган Кыргызстан үчүн ардактуу миссия экенин белгиледи. 

Өлкө башчысы акыркы кезде өлкөдө орун алып жаткан өзгөрүүлөр тууралуу айтып, ага катар ЕККУнун Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө кошкон салымын баса белгиледи. 

Бүгүн өз ишин баштаган күзгү сессиянын темасы: "Борбордук Азиядагы жана анын чегинен тышкары коопсуздук жаатында диалогду илгерилетүү". Президент өлкөдөгү, ошондой эле аймактагы коопсуздук көйгөйүнүн абалын белгиледи. 

Ошондой эле президент ЕККУнун алкагында чынчыл жана ачык диалог түзүп, анын негизинде өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүү керектигин белгиледи. Айтымында, жалпы коопсуздукту камсыз кылуу бардык күчтөрдү бириктирүүнү жана макулдашылган иш-аракеттерди талап кылат. Ал эми парламент төрагасы Дастан Жумабеков өз сөзүндө, Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө алгачкылардан болуп киришкенин, буга катар ЕККУнун алкагында тыгыз кызматташтык жүргүзүп келатканын белгиледи. 

Өз кезегинде ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Георгий Церетели жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, жыйындын алкагында талкуулана турчу негизги маселелерди атады. 

Парламенттик ассамблеянын күзгү сессиясы дагы үч күнгө созулат. 4-5-октябрда ар бир тармак боюнча жыйындар өтсө, акыркы күнү толугу менен маданий программаларга арналмакчы.



Новости по дате