http://ktrkdev.ktrk.kg/Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жылуулук системасы толук жаңыланды

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жылуулук системасы толук жаңыланды

3 Окт 2018 , 17:29 233

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кышкысын жылуулук жагынан көйгөй болуп келген Жалал-Абад шаарындагы бир катар мектептерде быйыл жылдагыдай кыйынчылык болбойт. Калаадагы №10 мектептин жылуулук системасы толук жаңыланды. Ал эми №4 мектептин эбак эле эскилиги жетип бүткөн эшик-терезеси заманбап болуп алмашты.

Жалал-Абад шаарына караган, 1 миң 200 дөш ашуун окуучу билим алган №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектеп-гимназиясында быйыл жылуулук жагынан көйгөй жаралбайт. Буга чейин мектеп электр энергиясы аркылуу жылытылып, бирок жылуулук өз нормасына жеткен эмес. Мындан улам жылытуу системасы быйыл көмүргө өткөрүлдү. Көп жылдан бери иштебей туруп калган мектеп отканасынын отказаны толугу менен жаңыланып, жазга чейин көмүр менен камсыз болгон. Мындан сырткары мектеп ичиндеги батареялар да толугу менен жаңыланган. Жылуулук жагын жөнгө салуу үчүн шаардык бюджеттен 4 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Мындан сырткары №4 мектеп-гимназиянын эшик-терезелери толук жаңыланып, мугалидер жылдагыдай терезени жылууламай убаракерчилигинен кутулганына сүйүнүп отурат. Буга чейинки жыгач терезелердин эскили такыр эле жетип бүткөндүктөн, четинен жараксыз болуп баштаган. Жаңы терезелер түрткү берүүчү гаранттын жардамы менен 1 миллион 600 миң сомго коюлган.
Жалал-Абад шаары боюнча 20дан ашуун мектеп бар. Мектептер үчүн кыш мезгилине 1 миң 277 тонна көмүр керектелсе, азыркы учурда көмүрдүн камсыздалышы 80 пайызга аткарылган.
Шаардык мэриядан кошумчалагандай, калаадагы мектептердин кыш мезгилине керектөөчү көмүр отунун камсыздоо иштери октябрь айынын 20сына чейин толук бүткөрүлөт.


Новости по дате