http://ktrkdev.ktrk.kg/“Түндүк” системасы менен мамлекеттик органдардагы башкаруу автоматташтырылат

“Түндүк” системасы менен мамлекеттик органдардагы башкаруу автоматташтырылат

5 Окт 2018 , 8:05 2094

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жарандар маалым кат жана башка документтерди алууда мекемеден мекемеге чуркабашы керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Түндүк” мекемелер аралык системасынын алкагында жетишилген натыйжалар жана анын келечегин талкуулаган жыйында билдирди. Өкмөт башчы “Түндүк” системасы - мамлекеттик тейлөө кызматтарын гана жеңилдетпестен эң башкысы ачыктык камсыздалып коррупция болбойт, - деди. Мекемелер аралык электрондук байланышты түзүүнү же мекемелер ортосунда маалыматтарды электрондук алмашууну шарттаган “Түндүк” системасына азыр жыйырмадан ашык министрлик, мекемелер, ишкер чөйрө, банк тармагы туташтырылган. Бул системаны киргизүү менен жылына 300 миллион долларлык бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүн экендиги айтылууда.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар маалыматтык системасын “Түндүк” тутумуна байлап өз ара аракеттешип жатат. Анын негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн порталы ишке киргени турат. Ошол эле учурда жакында дагы бир маалыматтык система ишке ашырылат анын натыйжасында мамлекеттик органдардагы башкаруу автоматташтырылат. Мындан улам министрлер, мекеменин жетекчилери бул системаны ишке ашырууда персоналдык жоопкерчилик тартат", - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Новости по дате