http://ktrkdev.ktrk.kg/Президент Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту

Президент Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту

5 Окт , 23:56 1699

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 5-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы октябрь айында курман болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту.  
Мамлекет башчысы Темир Жумакадыровдун туугандарына чын ниеттен көңүл айтты. Президент Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өлкөнүн премьер-министри кезинде ал менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи. 

«Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз. Ал ата-эненин жакшы тарбиясын көргөн абийирдүү, акылы курч, мээримдүү адам эле. Өлкө үчүн иштегенге умтулчу», — деди мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун өзгөчө белгилеп, азыркы кезде өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады. 

«Кеп мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө болуп жатат. Бул ишти баштап кеткени үчүн мен ага ыраазымын», — деп баса белгиледи президент.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Темир Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи. Темир Жумакадыровдун ата-энесине жана жубайына кайрылып, мамлекет башчысы фонддун бардык демилгелерин колдоорун жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экендигин белгиледи.
Жагдайдан пайдаланып президент С. Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды.
Темир Жумакадыровдун туугандары өлкөнүн президентине колдоо көрсөткөндүгү жана көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.



Новости по дате