http://ktrkdev.ktrk.kg/Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата иш-чара өттү

Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата иш-чара өттү

6 Окт , 14:56 756

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иш-чаранын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи. Ал кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар калкты ар кыл мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралган учурдагы жүрүм-турум эрежелерине окутуу жана алар тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багыталганына токтолду. 

Иш-чаранын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдөрүнүн катышуусунда жүрүш, майрамдык концерт жана өрт эстафетасы боюнча таймаш уюштурулду. 

Эске салсак, 5-сентябрдан 5-октябрга чейин өлкө аймагында кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнүн алкагында бир айлык жарыяланып, калктын кооптуу жагдай жана өзгөчө кырдаалдар шартында коргонуу ыкмалары жөнүндө маалыматын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өткөрүлдү.

Ошондой эле, жол кырсыктарынын алдын - алуу максатында Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болот. Бул тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинен билдиришти. 

Жолдорго "Баланы колдон чыгарбаңыз!", "Кулакчынды чечиңиз!", "Телефонго алаксыбаңыз!", "Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!" деген ураандар жазылат. Мындай чакырыктар Чүй проспектисинин Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары, Турусбеков, Исанов, Тыныстанов, Шопоков, Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен жана Чүй проспектисинин Чыгыш-5 кичирайонун аралап өткөн жерлерине жазылат. Мындай кадам жөө жүргүнчүлөрдүн катыштыгы менен болгон жол кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт.

Новости по дате