http://ktrkdev.ktrk.kg/Тажикстан менен чектеш Жаштык айылына милиция бөлүмү курулууда

Тажикстан менен чектеш Жаштык айылына милиция бөлүмү курулууда

6 Окт , 15:23 1699

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тажикстан менен чектеш жайгашкан Лейлек районундагы Жаштык айылында милициянын аймактык ыйгарым өкүлчүлүгүнүн бөлүмү ашар жолу менен курулууда. Ал үчүн айылдык кеңештин депутаттары демилге көтөрүп, 10 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген. Курулушка алгачкы салым катары жеригиликтүү бийликтин эсебинен 100 миң сом каражат каралган. 

Мындан сырткары каражат марафон аркылуу дагы чогулду. Курулуштун зарылчылыгы район борборунан 80 км алыс жашаган калкка коопсуздукту камсыздап, ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу аракетинен улам болду. Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү төрт айылдагы 14 миңге чукул калкты тейлейт. Заманбап типте жаныдан курулуп жаткан бул имарат 1 кабаттуу болуп, 3 бөлмө жана жуунучу жайы, ашканасы менен курулат.

“Чек арада турабыз. Бир жолдун асты Тажикстан үстү Кыргызстан. Ошого биз милиция менен чек арачылар менен тыгыз байланышта иштешишибиз керек”,- деди Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Абдухалил Эгембердиев.

“Милициянын жашаган жери, үй бүлөсү жанында болсо, социалдык жактан камсыз болгон кызматкер толугу менен өзүнүн жумушун, ушул элдин коопсуздугу үчүн кылмыштуулукту алдын алууга, болтурбоого салымын кошот деп ишенип кете алам”,- деп билдирди Баткен ОИИБнин башчысы Аскарбек Абдырахманов.

Новости по дате