http://ktrkdev.ktrk.kg/“Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди

“Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди

8 Окт , 10:25 491

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, финалдык оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, анда “Дордой” жана Оштун “Алай” курамасы кез келип, дордойчулар 3:2 эсебинде жеңишке жетти. 

Эске салсак, шаардык команда өткөн жылы да Кыргызстандын кубогун жеңип алган болчу. Бул клуб үчүн рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Кыргызстандын кубогу - Топ-лигадан кийинки эле маанилүү турнир.

Новости по дате