http://ktrkdev.ktrk.kg/ Ысык-Көлдө “Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары” форуму жыйынтыкталды

Ысык-Көлдө “Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары” форуму жыйынтыкталды

8 Окт , 10:22 579

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары” аттуу эл аралык Ысык-Көл форуму Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталды. Форумга 25 өлкөдөн көрүнүктүү жазуучу, культуролог, саясатчы, илим изилдөөчү жана искусство ишмерлери катышты. 

III эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары, бүткүл дүйнөдөгү мамлекет башчылары, лидерлер жана маданият ишмерлерине багытталган кайрылуу кабыл алды. Эл аралык коомчулуктун биргелешкен кайрылуусундагы өзөк маани: дүйнөлүк соода жана саясий алакада: экономикалык эгоизм, санкциялар, саясий каршылаш-тирешүүлөр күчөгөн кезде, мамлекет аралык конфликти диалог-кепке келүү менен чечүүгө үндөгөн. Бул Чыңгыз Айтматов уюштурган легендарлуу “Ысык-Көл” эл аралык форуму дүйнөгө тараткан жалпы адамзаттык гумандуулук идеясы экени айтылат кайрылууда. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"


Новости по дате