http://ktrkdev.ktrk.kg/Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда өтөт

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда өтөт

8 Окт , 17:00 150

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз маданияты жана Кыргызстандын журналисттер коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Узакка созулган катуу оорудан кийин, 60 жашка караган курагында жазуучу, журналист, котормочу, Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. 

Султанбек Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган соң, 1981-жылдан тартып, ал республикалык «Ленинчил жаш» (кийинчерек - «Жаштык жарчысы», «Асаба») гезитинин редакциясында иштеген. 1991-жылдан тартып, башкы редактордун орун басары катары алгачкы республикалык парламенттик «Эркин Тоо» гезитинин калыптанышына чоң салым кошкон. 1993-2013-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle», "Асаба" гезиттеринин редакцияларында, BBC радиосунун дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында иштеп, ошол эле учурда Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Улуу Британия институту менен кызматташкан. 

Кыргыз Республикасынын президентинин катчылыгында эксперттик-талдоо кызматын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. 2013-жылы - «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу. 2014-жылы - Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору болгон. 

Андан соң, Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген. Султанбек Жумагулов 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Кийинки айларда ал оор сыркоо менен күрөшүп келген. Ага карабастан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарды. Султанбек Жумагулов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент адам болгон. Өзүнүн көп жылдык топтогон тажрыйбасынын натыйжасында “Журналистикага жол” аттуу колдонмо китебин жазган. 

Ал тарбиялаган журналисттер, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ири массалык маалымат мекемелеринде, мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кызматта талыкпай эмгектенишүүдө. Султанбек Жумагулов публицист жана медиа эксперт катары белгилүү болчу. Ал «Кыргызча жашоо бормулалары» деген китебинде чебер сатирик катары азыркы турмушубузду чагылдырып, анын терс жактарына коомчулуктун көңүлүн бурган. Султанбек Жумагулов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда саат 10.00дө. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драма Театрында өтөт. Өкмөттө Жумагуловду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссия түзүлдү. Комиссияны биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектөөдө. Султан Жумагуловдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Новости по дате