http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Шайлоонун шарапаты менен башталып, бүтпөй калган көпүрө

Элдик репортер: Шайлоонун шарапаты менен башталып, бүтпөй калган көпүрө

8 Окт , 9:29 253

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол деген эң маанилүү нерсе да, айрыкча айыл-аймактарда. Эки айылды катташтырган, район менен байланыштарган эле жол да. Элдик репортер рубрикасына ушул жол маселеси боюнча тоо түбүндө жайгашкан Токтогул районунунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары атайын чогулушуп шайлоонун шарапаты менен курулуп баштап бирок аягына чыкпай калган айылдагы эң негизги жолдогу көпүрөнү видеого тартып жиберишкен.

 Жашоочулардын айтуусу боюнча, шайлоо кампаниясы башталганда 2017-жылы ноябрь айында эски бирок керекке жарап жаткан көпүрөнү бузуп, жаңы көпүрөнү курабыз деп убара беришкен. Жалпы эсеби 42 млн сомго бааланган. Бирок азыр же ал шайлангандар жок же тендерди уткан жол оңдоочулар жок деп жандары кейишет айылдын тургундары. 

Өзүбүз салына турган көпүрөнүн жанына көпүрө салып алганбыз. Бирок эч кандай тиешелүү жабдыктарсыз өз колубуз менен жазагандыктан, ал деле урайын деп араң турат. Катуураак суу келсе агып кетет. Бул көпүрө бизди коңшу Өзгөрүш айылы менен район менен байланыштырган жалгыз жол. Районго ооруканага байма-бай каттап турабыз. Суук жакындап келе жатат, агызып кетсе эмне кылабыз? Окуучулар, мугалимдер ылдыйкы мектепке өтүшөт сайдагы бир таман жол менен, алар кандай кылышат? - деп суроо салышат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате