http://ktrkdev.ktrk.kg/Тоо текелерге мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 220 миң сом айыпка жыгылды

Тоо текелерге мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 220 миң сом айыпка жыгылды

10 Окт , 12:53 1257

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Курчап  турган чөйрөнү  коргоо жана  токой  чарба  мамлекеттик  агенттигинен  билдирген маалыматтарга  ылайык, 46 жаштагы Кадамжай районунун  тургуну мал  жайып  жүрүп, кокусунан  тоо текелерди  көргөндө  мергенчилик  ышкыбоздугу  ойгонуп кеткендигин  мойнуна  алып, мындай ишке кайрадан барбай  тургандыгын  билдирген. 

Экологиялык жана техникалык коопуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери сейрек кездешкен жаныбарларга мындан мурунку жылдары мыйзамсыз мергенчилик кылуу болуп келгени менен акыркы жылдары азайып бараткандыгын маалымдашты.

Быйыл канаттууларга аңчылык кылган фактыдан башка жаратылышка олуттуу зыян келтирүүлөр орун ала элек болчу дешет алар. Эксперттер тоо теке, аркар-кулжа илбирстин тоюту экендигин, алардын азайышы ак илбиристин санынан кыскарып кетишине таасир этерин эскертишти.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате