http://ktrkdev.ktrk.kg/Белгилүү журналист Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Белгилүү журналист Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

11 Окт , 9:25 117

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маданият, маалымат жана туризм министри, белгилүү журналист Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Тажияга Президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты. 59 жашында көз жумган Жумагуловду көпчүлүк курч калемгер, мыкты журналисттерди тарбиялап өстүргөн медиа - устат катары билишет.

Маданият менен журналистиканын дыйканы каза болду деген кабар 8-октябрь күнү тараган. 59 жашында көз жумган Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатууда атайын расмий жөрөлгөлөр жасалды. Көпчүлүк Султанбек Жумагуловдун жасаган иштерин, жазган эмгектерин кыргыз журналистикасынын баа жеткис мурасы деп эсептешет. Ал өлкөнүн келечеги үчүн бар күчүн жумшап, маданиятты өнүктүрүүгө өз салымын кошту. Эмгектен аны оору да алаксыта алган эмес. Тажияда Жумагуловдун дал ушул өзгөчөлүгү Мамлекет башчысы тарабынан белгиленди. Президенттин кайрылуусун анын аппарат жетекчиси жеткирди.

Султанбек Жумагулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп былтыр ноябрь айында дайындалган. Бул кызматка киришкенден тартып, коомдогу терс көрүнүштөрдү сынга алып, андан арылуу жолдорун сунуштаган. Мамлекеттик маанилүү иш-чараларды уюштурууда да өз жөндөмүн көрсөттү. Анын аракети менен бир катар маданий жайлардын кызматкерлеринин эмгек акылары 80 пайызга жогорулады. Жалпы коомчулук менен бирге өкмөт да тажрыйбалуу, таза инсанынан айрылды.Султан Жумагулов “Азаттык” медиа мекемесин жетектеп, КТРК менен ЭлТРде да башкы директорлук кызматты аркалаган. Бирок эч убакта өзүн мурдагы жетекчи деп басып өткөн жолун даңазалап эмес, жөн гана медиа устат катары тааныштырууну ылайык көрчү. Жумагулов журналистикадагы өзүнүн мектебин түптөдү. Кесиптештерине, студенттерге өзүнүн тажрыйбасы менен тең бөлүшүп, маанилүү кеп-кеңештерин берүүдөн чарчачу эмес.“Кыргызча жашоо бормулалары”. Бул китеп Жумагуловдун мыкты калемгер экенин дагы бир ирет далилдеген. Анда Кыргызстан жаңы эгемендикке ээ болгон учурдагы өлкө турмушу чагылдырылган. Ошондой эле кыргыз элинин жашоо образы, келечекке кедергисин тийгизген үрп-адаттар тууралуу баяндалат. Мамлекеттик ишмер, маданиятка күйүп бышкан Султан Жумагуловдун кабырына Президент Сооронбай Жээнбеков да барды. Белгилүү журналист, медиа устат “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.


Новости по дате