http://ktrkdev.ktrk.kg/Электрондук кызмат көрсөтүүлөр боюнча бирдиктүү мамлекеттик портал

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр боюнча бирдиктүү мамлекеттик портал

11 Окт , 21:23 275

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекет санариптик долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ишкерлерди кызматташууга чакырды. Мамлекеттик органдарда маалыматтык технологияны өнүктүрүү боюнча маселе тиешелүү мекеме жетекчилери менен IT компаниялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды. Жыйында жаңы иштелип чыккан Электрондук кызмат көрсөтүүлөр боюнча бирдиктүү мамлекеттик портал тааныштырылды.


Кыргызстан башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн санариптик технологияларды пайдаланууну маанилүү багыт катары карайт. Бул жалпы элге кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип, ишкерлер үчүн да ыңгайлуу болот деген ишеним бар.

Электрондук форматта документтерди жана маалыматтарды алмаштыруу, жарандарга жеткиликтүү, ыңгайлуу кызмат көрсөтүү үчүн бир катар долбоорлор иштелип чыккан. Бул багытта “Түндүк” тутумуна артыкчылык берилүүдө. Өлкөнү санариптештирүүдө көйгөйлөрү да жок эмес.

Бул айтылган маселелер “Санариптик КАСА” долбоорунун жардамы менен чечилет деп күтүлүүдө. Дүйнөлүк банк аны каржылоо үчүн 50 миллион доллар бөлөт. Эл аралык каржы мекемеси менен түзүлгөн алдын ала келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланышы керек.

Новости по дате