http://ktrkdev.ktrk.kg/Россияда жыл башынан бери миграциялык мыйзамды бузган 549 кыргызстандык кармалды

Россияда жыл башынан бери миграциялык мыйзамды бузган 549 кыргызстандык кармалды

12 Окт , 11:08 601

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери Россиянын атайын кармалуучу жайына миграциялык мыйзамды бузган 549 кыргызстандык кармалды. Мекендештер уурулук, жасалма документ жасагандыгы үчүн айыпкер болушкандыгын өлкөнүн дипломатиялык кызматынан өкүлдөр билдирүүдө. Бул иштер Россиянын күч органдары тарабынан ар дайым жүргүзүлүп турган рейддердин алкагында аныкталган. 549 адамдын басымдуу бөлүгү чыгарылган. Арасында иши сотко өткөндөрү, өлкө аймагынан чыгарылгандары жана азыркы тапта соттун күтүп жаткандары бар. 

Адистер чет өлкөгө кетип жаткан ар бир жаран бар турган жерлери тууралуу кененирээк маалыматты бул жактан алып, ал жерге барганда сөзсүз түрдө Кыргызстандын элчилиги, консулдуктарына кайрылуу зарылдыгын эскертишүүдө. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"




Новости по дате