http://ktrkdev.ktrk.kg/Чек арачылар чындыкка максималдуу түрдө жакындатылган машыгуу өткөрүштү

Чек арачылар чындыкка максималдуу түрдө жакындатылган машыгуу өткөрүштү

12 Окт , 23:18 606

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы "Бөгөт-2018" аталышындагы машыгууларды өткөрдү. Командалык-штабдык машыгуулар "Ала-Тоо" майданында өтүп, чек арада болуучу ар кандай кырдаалдардан чыгуу аракеттери менен коштолду.

Машыгуулар чындыкка максималдуу түрдө жакындатылган 2 сценарий боюнча өтөт. Биринчиси бул чек арага жакын жайгашкан аймакта эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр-чатак чыгып, аны чек арачылар курал колдонбостон, тынчтык жолу менен чечүүсү керек.

Сценарий боюнча эки мамлекеттин - “КЫЗЫЛДАР” жана “ЖАШЫЛДАРДЫН” ортосунда биргелешкен сугат маселелери жөнгө салынбай келет. Алардын ортосундагы талаш-тартыштар чоң чыр-чатакка менен коштолуп, бирин-бирине кол салууга чейин жеткен кырдаалга айланат. 

Чек аранын тилкесинде орун алган окуя тууралуу ыкчам түрдө бардык чек ара кезметтерине, жана чек ара өкүлчүлүгүнө маалымат келет. Жагдайды жөнгө салуу максатында чыр-чатак чыккан жерге эки өлкөнүн атайын чек арачылар тобу келип, жарандарды өзүлөрүнүн аймактарына алып кирип кетишти. Ошентип, чек арачылар курал колдонбой, түзүлгөн кырдаалды ыкчам түрдө тынчтык жолу менен чече алышты.
"Жашылдардын” аймагынан "Джамаат” экстремисттик уюмунун өкүлдөрү чек араны бузуп кирип, “Кызылдардын” аймагында террордук актыларды өткөрүүнү пландашкан. 15 адамга чейин жеткен топту алгач талаада мал жайып жүргөн чабан байкап калып, чек ара өкүлчүлүгүнө билдирген.
Чек ара заставасынын башчысы аскерлер менен куралчан топту карай бет алышканда алар ок менен тосуп алышат. Аскерлер ыңгайлуу өңүттү ээлешип, атайын техниканын жардамы менен террорчуларга карата ок чыгарышат. Жыйынтыгында куралчан топ жок кылынды.
Машыгууларга Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Жөө жүрүү аскерлеринин жана Улуттук Гвардиянын тарамдары, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин жана Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин аймактык органдары катышты.



Новости по дате