http://ktrkdev.ktrk.kg/ Кыргызстанда алгачкы классикалык музыканын "Бельканто" мектеби ачылды

Кыргызстанда алгачкы классикалык музыканын "Бельканто" мектеби ачылды

12 Окт , 23:41 860

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда алгачкы классикалык музыканын "Бельканто" мектеби ачылды. Ал 150 балага ылайыкталган. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарынын жана таланттуу өспүрүмдөрдүн билим алуусуна жеңилдиктер каралган.

Ырчылыкты аздектеген Алина өнөрүн ар тараптан өрчүтүүнү максат кылган. Чыгармачылыкта ийгиликке ээ болуу үчүн музыкалык билим өзгөчө керек экенин айтат.
Бельканто - ырчылык өнөрдүн классикалык түрү. Окуу жайдын аталышы дал ушул багытта билим берилээрин айтып турат. Мектептин ачылышына музыка дүйнөсүнүн чеберлери катышты.
Мектепте музыкалык билим алууга бардык шарттар бар. Концерттик зал, үн жаздыруучу студия, аспаптар. Окутуучулар курамы да атайын тандоо менен түзүлгөн.

Академиялык вокал - “Бельканто” мектебинин негизи болуп саналат. Мындай өзгөчөлүк менен элдик, эстрада, джаз жана башка багыттагы ырларды жогорку деңгээлде аткарууга мүмкүн.
Мектепте билим алган балдардын бардыгы белгилүү ырчы боло алышпаса да, музыка менен алек болуунун пайдасына ээ боло алышат.
Окуу жайдын уюштуруучулары жаштарды классикалык музыкага болгон кызыгуусун артырып, эл ичиндеги таланттарды таанытууну максат кылат.



Новости по дате