http://ktrkdev.ktrk.kg/Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” аскер полигонунда ЖККУнун кезектеги машыгуулары өттү

Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” аскер полигонунда ЖККУнун кезектеги машыгуулары өттү

16 Окт , 14:09 794

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун терроризмге каршы "Өз ара аракеттенүү 2018" деген аталыштагы машыгуу өттү. Балыкчыдагы эл аралык машыгууга  ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандын жоокерлери катышып, 250 аскер техникасы менен 2 миңге чукул жоокер тартылды. 

Анда аскерлердин биргелешкен тобу куралчан топторго каршы туруу, маанилүү объекттерди террордук чабуулдардан коргоо, тоо шартында иштөө ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүп, машыгышты. Ошондой эле беш өлкөнүн аскерконтингенти террорчулукка каршы операцияны биргеликте ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Новости по дате