http://ktrkdev.ktrk.kg/Ишкерлерди дүрбөлөңгө салган кандай өзгөртүүлөр болду?

Ишкерлерди дүрбөлөңгө салган кандай өзгөртүүлөр болду?

17 Окт , 22:37 406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө ишкерлерге кошумча же үстөк төлөм жүргүзүү боюнча жаңы милдеттенмелер киргизилген жок. Жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи өзгөргөн жок жана кошумча жүк келтирүү каралган эмес.

Ишкерлерди дүрбөлөңгө салган кандай өзгөртүүлөр болушу мүмкүн? Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, болгону “камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери” тууралуу мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн “мамлекеттик жана социалдык камсыздандыруу” боюнча мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор киргизилди.

Буга байланыштуу ишкерлер кабатырланбай эле койсо болот. Бул маселе тууралуу өкмөт башчы бизнес коомчулугу менен жолукканда сүйлөштү.

Өзгөртүү киргизилип жатканын уккан ишкерлер орунсуз кабатырга түшкөндүгүн мойнуна алышты. Алар мындан кийин мындай маалымат алдын ала берилсе дешет.



Новости по дате