http://ktrkdev.ktrk.kg/ШКУ терроризмге каршы күрөштү күчөтөт

ШКУ терроризмге каршы күрөштү күчөтөт

18 Окт , 15:59 670

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык терроризмге каршы түзүмүнө төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусияга өттү. Чечим түзүмдүн Бишкекте 33-отурумунда кабыл алынды. Отурумга Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын тиешелүү органдары жана ШКУ Аймактык терроризмге карашы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары катышты. 

Анда аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле, түзүмдүн буга чейинки чечимдерин ишке ашыруу, экстремисттик кыймылдардан келип чыккан коркунучтарды алдын алуу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдары менен биргелешкен иш-чаралар каралды. Ханчжоу шаарындагы өткөн семинардагы кибертерроризм боюнча каршы аракеттенүүлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Түзүмдүн кезектеги отуруму 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган болду. Отурумдун катышуучулары уюмдун аймактык терроризмге каршы түзүмүнө Кыргызстан төрагалыгында бир катар алгылыктуу иштер жасалганын белгилешти.

“ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кибер коопсуздук жана глобалдуу маалыматтык мейкиндигинде террористтик мүнөздөгү коркунучтарга мониторинг жүргүзүү, эл көп топтолгон жерлерде жана маанилүү объектерде террорго каршы коопсуздукту бекемдөө, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну бекемдөө боюнча келишим түзүлдү”,- деп билдирди УКМКнын төрагасынын орун басары, Терроризмге каршы күрөшүү борборунун директору Асылбек Кожобеков.

Новости по дате