http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Көчөгө жарык орнотула элек Орловка шаарчасы

Элдик репортер: Көчөгө жарык орнотула элек Орловка шаарчасы

19 Окт , 17:27 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Кемин районундагы Орловка шаарчасынын тургуну шаарчанын көчөдө түн киргенде жарык берүүчү лампалардын жоктугу боюнча нааразычылыгын билдирген видео материал жиберген.

Орловка чоң эле шаарча да. Бирок ушунча убакыттан бери жарык берүүчү лампалар орнотулган эмес. Түн кирээри менен көзгө сайса көрүнгүс караңгылык. Ким жооптуу? - деп суроо салган окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате