http://ktrkdev.ktrk.kg/Маданият - ынтымактын данакери

Маданият - ынтымактын данакери

22 Окт , 9:35 575

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын 60 жылдыгына карата студенттер менен окуучулардын катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. Иш-чарада Кыргызстандагы ар улуттун ынтымагы даңазаланып, "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунун майрамдык чыгарылышы да тартылды. 

“Ырдайлы кыргыз ырларын долбоору” 10 жылдан бери коомдук биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлүп келет. Ал кыргыз обондоруна башка улуттардын да кызыгуусу жогору экенин айгинелеген. Эми мааракеге арналган салтанатка Кыргызстандан да, чет өлкөдөн да ар улуттун өкүлдөрү чогулушту.

“Ырдайлы кыргыз ырларын” долбоорунун автору кыргызча обон созгусу келген башка улуттун өкүлдөрү барган сайын көбөйүп жатканын белгилейт. Мааракеге арналган салтанатка алыскы өлкөлөрдөн да өнөрпоздордун келиши бекеринен эмес. 5 саатка созулганына карабай, топтолгон эл салтанаттын соңуна чейин тараган жок. 

КТРКнын 60 жылдыгы буга чейин ар дубандарда “Элим менен элетте” деген ураан менен өткөрүлгөн. Ал эми бул жолку Бишкектеги иш-чара улуттарды бириктирип, алардын маданиятын да даңазалады.

Новости по дате