http://ktrkdev.ktrk.kg/Эмгеги сиңген чыгаан журналисттер Бүбүкан Досалиева жана Абды Сатаров

Эмгеги сиңген чыгаан журналисттер Бүбүкан Досалиева жана Абды Сатаров

24 Окт , 10:14 623

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин өнүгүшүнө салымын кошуп, эмгеги сиңген инсандар жөнүндөгү көрсөтүүбүздү улантабыз. Бул жолку каармандарыбыз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Абды Сатаров жана Бүбүкан Досалиева.

Жаштайынан журналистиканын казанына кайнап бул жолдо кездешкен белестерди эмгеги менен жеңген Абды Сатаров менен Бүбүкан Досалиева кыргыз журналистикасына өмүрүнүн көп жылдарын арнашты. Экөөнө тең Кыргыз телерадиосу эң мыкты мектеп болгон. Али күнчө эң биринчи алып барган күндөрү, учурушкан учурлары эсинде.

1989-жылдан 1992-жылга чейин алгач “Ак өргөө” андан кийин “Миң кыял” деген аталыш менен чыккан маданий көрсөтүүлөрдү чогуу алып барып, көрүүчүлөрдүн урматына татышкан.

Улуттук университеттин журналистика бөлүмүн аяктагандан кийин Бүбүкан Досалиева эмгек жолун Республикалык балдар китепканасына библиограф болуп иштөөдөн баштаган. Андан көп өтпөй Мамлекеттик телерадио комитеттин, азыркы коомдук телеканалдын жаштар редакциясынын редакторлугуна келип, чыныгы журналисттик кесипке өткөн.

Жарым кылымдан бери журналисттик түйшүктү аркалап бул тармакка эмгеги сиңген Абды Сатаров кыргыз телерадиосуна 1973-жылы келип, режиссёрдун ассистенти болуп кабыл алынган. 1 жылдай иштегенден кийин өзүн өстүрүп, тажрыйба топтоо максатында Москвага барып, эң мыкты журналисттерден кеңеш алып келген. 4 жылдай режиссёр болуп иштеп, кийин Кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү "Адабий драмалык редакцияга" кирип, кыргыздын калемгери, кара сөздүн чебери Түгөлбай Сыдыкбеков, ааламдын алп таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар жөнүндөгү көрсөтүүлөрдү даярдап коомчулукка жаккан.

Мамлекеттик кызматкердин, саясатчылардын, дегеле ар бир жарандын мамлекет алдындагы жоопкерчилигин аныктап, жаран катары мамлекетти бекемдөөгө кошкон салымын аныктаган “Элдик рейтинг” аттуу көрсөтүүнүн автору да Бүбүкан Досалиева .

Журналистиканын жогорулашына чыйыр салган Абды Сатаров 2005-жылдан 2006-жылга чейин Ала-Тоо маалымат борборунун башкы редактору жана “Ала-Тоо жумалыгы” аналитикалык көрсөтүүсүнүн алып баруучусу болгон. Ар кандай себептерден улам КТРден кетип кайра 2008-жылы келип Мамлекеттик телерадио корпорациянын президентинин орун басары болуп эмгектенди.

Бүбүкан Досалиева 1995-жылдары Улуттук университтетин жаңы ачылган телерадио журналистика кафедрасына башчы болуп бир жыл иштеп, андан кийин “Азаттык” радиосуна келген. Ал ортодо Президенттик Администрацияда, эки жыл Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болуп иштеп, жаңы күч, жаңы дем менен кайрадан “Азаттыкка ” келип, телевизиондук башкы продюсер болуп бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө.

1993-жылы Ош телекомпаниясынын жетекчиси болуп иштеп жүрүп мурунку "Ош-3000", азыркы ЭлТРдин имаратын курдурууга себепкер болгондугун айтат. КООРТ телеканалында да иштеп, ал жерден "Апта" деген телепрограмманы ачкан. Кийин "Интерньюста", "Мейкин Азия" деген көрсөтүүнү биринчи жолу ачып, өзү алпарчу.

Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот. Абды Сатаров журналист эле эмес, мыкты калемгер жана таланттуу акын катары да коомчулукка кеңирүү белгилүу.

Убакытты туура пайдаланууну билген Бүбүкан Досалиева жакында эле жаш лидерлердин демилгеси менен күнүмдүк маалыматтардан тышкары кыргыз коомуна зарыл жана аны кызыктырган бардык маалыматтарды берген “Topnews.kg” деген маалымат порталын ачып, анын башкы редактору да болуп иштеп жатат. Ал эле эмес, көп жылдык тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп кесипкөй журналисттерди тарбиялоого болгон күч аракеттерин жумшашууда. Досалиева Бишкек Гуманитардык Университетинде журналисттин чеберчилиги боюнча сабак берсе, Абды Сатаров 

Кыргыз-түрк “Манас” университетинде журналистика факультетинин деканынын орун басары болуп, болочок журналисттерге пайдасын тийгизүүдө.

Жумушуна да үй-бүлөсүнө да жетишкен эң мыкты жана бактылуу аялзаты болгон Бүбүкан Досалиева үч кыз, бир уулдун мээримдүү энеси болсо, жөнөкөй жана жупуну жашоону жактырган Абды Сатаров үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбаган камкор жолдош, бир уулдун күйүмдүү атасы. 




Новости по дате