http://ktrkdev.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков аскер жагдайынан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков аскер жагдайынан кабар алды

26 Окт , 18:19 463

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дагы катышты. 

Кеңешмеде Райымберди Дүйшенбиев Куралдуу Күчтөрдүн ишмердиги, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы акыркы мезгилде аскердик кылмыштардын көбөйүшү - аскердин аброюна терс таасирин тийгизип жатканын айтып, бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгү жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан болуп жатат, - деди.

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдөгү, өзгөчө аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары акча каражаттарын талап кылган фактыларына көңүл бурду. Ал аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү чара көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, Башкы штабдын башчысына, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен кеңешме өткөрүп, мындан ары аскердик кылмыштарды болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. 

Кеңешмеде мындан тышкары, аскердик-техникалык кызматташуунун жана республиканын коргоо-өнөр жай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Новости по дате