http://ktrkdev.ktrk.kg/Убагында көгүлтүр экрандын жылдызы болгон Каныбек Темиров

Убагында көгүлтүр экрандын жылдызы болгон Каныбек Темиров

26 Окт , 23:04 946

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"КТРКнын легендалары" рубрикасынын бүгүнкү көрсөтүүсү - убагында көгүлтүр экрандын жылдызы болгон Каныбек Темиров жөнүндө болмокчу. Ал коомчулукка кыргыз телекөрсөтүүсүнүн диктору катары таанылган. 

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн босогосун Каныбек Темиров 1993-жылы аттаган. Кароо-сынактын негизинде кабыл алынган диктор ал кезде болгону 26 гана жашта болчу.

Балдар үчүн арналган “Рабаят” көрсөтүүсүн кызыктуу алып баргандыгы үчүн Каныбек Темировду кичинекей бөбөктөр да күтүп көрчү.

Анын бала кездеги кыял, максаттары орундалып, эрктүү аракети, жөндөмдүү чеберчилиги жана талыкпаган эмгеги менен тез эле коомчулукка таанылып, көрүүчүлөрдүн чыйралган сүймөнчүктүү алып баруучусуна айланган.

Ошол жылдары өлкө ичиндеги соңку кабарларды коомчулукка так жеткирген “Кыргызстан”, “Ала-Тоо” маалымат программаларын эң мыкты алып барып, журналисттик, редакторлук да милдеттерди аркалап коомго пайдасын тийгизген.

Кыргыз телерадиокорпорациянын куттуу супарасында татыктуу иштеп жүрүп өзүн сынап көрүү үчүн 2008-жылы башка каналга кеткен. Эки жыл “ЭлТРде” иштеп, андан кийин “Жетинчи каналга” келген. 9 жылдан бери ушул каналдын Бишкек өкүлчүлүгүндө эмгектенип, саясат айдыңындагы жаңылыктарды, чындыкты элге жеткирүү менен алек болуп келет.

Азыр Ак үйдөгү, Жогорку Кеңештеги саясатчылардын ишмердүүлүгүн, көйгөйлөрүн жашырбай, болгонун болгондой элге жеткирүүдө.

Жылдызы менен элге жагып элдин сыймыгына айланган Каныбек Темировдун эң жаман көргөн сапаты - жалкоолук. Эмгекчилдиги жана жөнөкөйлүгү аны ийгиликке жеткиргендигин айтат.

Бүгүнкү күндө журналистикада өзүнүн чыгармачылыгы, кесипке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси аркылуу башкаларга үлгү көрсөтүп эмгектенүүсүн улантууда.




Новости по дате