http://ktrkdev.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

30 Окт 2018 , 5:32 366

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

Сооронбай Жээнбеков башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.




Новости по дате