http://ktrkdev.ktrk.kg/Өлкөдөгү жол кырсыктардын санын кантип кыскартабыз?

Өлкөдөгү жол кырсыктардын санын кантип кыскартабыз?

1 Нояб , 9:57 288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 9 айдын ичинде 5 миң 118 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жана тергөө боюнча көзөмөл башкармалыгынын улук прокурору Максат Камбаралиев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 265 кылмыш иши козголгон. Ал эми 4 миң 710 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 147 факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

"Жол кырсыгынын натыйжасында 458 адам каза болуп, 6 миң 299 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы катталып, 1 миң 118 адам жаракат алып, 62 жүргүнчү көз жумган", - деди Камбаралиев. Ошондой эле, ал Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жол кырсыгы көп каттала тургандыгын билдирди.

Ушундай жол кырсыктарынын кесепетинен адилеттик издегендердин саны да арбын. Мисалы, Нуриса Абыканова аттуу жаран жолдошу каза болгон жол кырсыгы боюнча башкы прокурордон депутат Ирина Карамушкина менен мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иш-аракеттерине юридикалык баа берүүнү суранууда. 

Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңештин айдоочусу Алексей Хурасев мас абалында унаа башкарып баратып, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 67-чакырымында эки адамды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучунун бири - Асангазы Кутманалиев аттуу жаран оор жаракаттан улам ошол жерде каза болгон. Кийин сот болуп, 2013-жылы Хурасев күнөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен, мамлекетке 50 миң сом айып пул төлөгөнгө милдеттендирилген. Жабырлануучу тараптын жактоочусу баса белгилегендей Жогорку Кеңештин депутаты ошол учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. 

Тактап айтканда кызматтык унаасын айдоочусуна дем алыш күнү айдоого уруксат берген. "Биз ошол маалда эле депутатка карата кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз менен прокуратурага кайрылганбыз. Бирок мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Азыр биз башкы прокурорго ошол окуяны кайрадан эсине салып, аларга юридикалык баа берүүнү талап кылабыз" - деп билдирди жактоочу.

Новости по дате