http://ktrkdev.ktrk.kg/ Бишкектеги 7-кичи район жашоочулары менен үй куруучулардын ортосундагы талаштуу маселе

Бишкектеги 7-кичи район жашоочулары менен үй куруучулардын ортосундагы талаштуу маселе

1 Нояб , 11:30 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эч кандай эрежелери сакталбай курулушу башталган көп кабаттуу үй бизге тоскоолдук жаратып жатат деген кат, "Ала-Тоо 24" каналына Бишкек шаарындагы 7-кичи райондун тургундарынан келген. Ал эми курулуштун ээлери болсо, баардык уруксат кагаздары бар экендигин билдирип жатат.

Курулушка каршылыгын билдирип жаткан тургундар, ордо калаанын 7-кичи районунун жашоочулары. Алар жашаган 26-үйдүн так эле жанына 2 аптадан бери жер казылып жаңы курулуштун пайдубалын түптөөгө даярдык көрүлүп жатат. Айтымдарында курулуш эч кандай эрежелерге жооп бербейт.

Нуржамал Сейталиева 26-үйдүн биринчи кабатында жашайт. Курулуш башталгандан бери, күндүн көзүн көрө элек. Анысы аз келгенсип, курулуштан чыккан ызы-чуудан жашаганга мүмкүн болбой калды дейт.

Жашоочулар нааразы болуп жаткан курулуш “Нур Имарат курулуш” компаниясына таандык. 5 жыл мурда дал ушул жерди сатып алган тараптын колунда курулуш баштоого тиешелүү баардык документтер бар экен. Анан да буга чейин жашоочулар менен райондук, шаардык жана жогорку сотко чейин барганча соттошуп, 3 сот тең, курулуш компаниянын пайдасына чечкен.

Нааразылашкан эки тараптын араздашуусун иликтөө үчүн жер пайдалануу башкармалыгына кайрылдык. Маалыматка ылайык кезегинде, Бишкек мэриясы тарабынан бул жер участогу мыйзамдуу түрдө жеке тараптарга сатылган.

Ал эми Бишкек шаардык архитектура башкармалыгында чыр болуп аткан жер участогу жеке тарапка таандык деген мамлекеттик акт бар. 2014-жылы шаардык курулуш кеңеши тарабынан бул жерге көп кабатуу үй куруу тууралуу чечим да чыккан.

Кошумчалай кетсек, 7-кичи райондун тургундары бул жеке компаниянын курулушуна гана эмес, ага удаалаш жайгашкан мэрия тарабынан салына турган үйдүн курулушуна да каршы болуп келишет. Бул тууралуу иш дагы соттон сотко өтүп, көп кабатуу үй курулсун деген чечим чыккан.


Новости по дате