http://ktrkdev.ktrk.kg/Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш жыйынга чогулду

Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш жыйынга чогулду

3 Нояб 2018 , 8:41 1623

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш 3-жыйынга чогулду. Анда билим берүү тармагындагы санариптик технологияларды өнүктүрүү маселеси каралды. Эксперттик кеңештин мүчөлөрү белгилегендей, сунушталып жаткан инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган сунуштамалар иштелип чыгышы керек. Кеңештин жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна ар тараптан анын ичинде билим берүү структуралары тарабынан көмөк көрсөтүлүшү зарыл. 

Айта кетсек, 4 ай мурда Президентке караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлгөн. Кеңеш Кыргызстанда санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча иш алып барат.

“Мындан башка дагы иш пландар бар, эми келээрки жыйындарда да талкуулап турабыз”,- дейт Санариптик трансформациялоо эксперттик кеңешинин жетекчиси Дастан Догоев.



Новости по дате