http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Теплоключенка айылындагы 105 - үйдүн айланасын суу каптоодо

Элдик репортер: Теплоключенка айылындагы 105 - үйдүн айланасын суу каптоодо

5 Нояб , 11:11 104

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы барак тибиндеги №105 үй тасмада көрсөтүлгөн. Автор билдиргендей, барак тибиндеги 7 - 8 үй бүлө жашаган үйдүн жертөлөсүнөн канализациянын түтүгү жарылып, эки жумадан бери суу сыртка чейин чыгып, тегеректин барын каптоодо. 

Бул үйлөрдүн жанында, 50 метр аралыкта эле оорукана, банк жана прокуратура имараты жайгашкан. Бирок, үйлөрдүн тепкич, дубалдары чөгүп, айлана сасый баштаса да эч ким көңүл бура элек.  

"Качан көңүл бурулуп, сууну ким токтотот?",- деген суроо узаткан видеонун ээси.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате