http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: жергиликтүү эл Чаткалдын Орто - Бел жолун оңдоону суранат

Элдик репортер: жергиликтүү эл Чаткалдын Орто - Бел жолун оңдоону суранат

5 Нояб , 11:41 88

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чаткал районуна караштуу Шекафтар, Сумсар, Көк - Серек айылдарына каттай турган Орто - Бел жолунун абалын жергиликтүү тургун видео тартып, көйгөйүн эл менен бөлүшкөн. Жол өтө начар абалда болгондуктан унаалар бузулуп, жүргүнчүлөр үчүн каттоого кыйынчылыктар жаралууда.

"Элдик репортер" рубрикасына тасма жөнөткөн жаран аймактагы көпчүлүк элдин атынан кайрылып, тиешелүү тараптардан жолду оңдоп, асфальт төшөп берүүсүн суранат.    


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате