http://ktrkdev.ktrk.kg/ Жол коопсуздугун көзөмөлдөй турган кызмат түзүлөт

Жол коопсуздугун көзөмөлдөй турган кызмат түзүлөт

5 Нояб , 23:23 472

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Кайгуул-посттук кызматынын алкагында кайгуул милициясы түзүлөт. Аталган кызмат жол коопсуздугун көзөмөлдөйт. Кайгуул милициясынын курамына кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынып, атайын окуудан өтүшөт. Долбоор эмдиги жылы пилоттук түрдө Бишкек шаарында ишке кирет. Бул тууралуу милиция бөлүмдөрүн реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди. 

Ал тутумду реформалоо боюнча аткарыла турган жумуштар жөнүндө өлкө башчысына маалымат берди. Реформанын алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын материалдык базасы да чыңдалмакчы. Ал эми иштин натыйжалуу болушу үчүн инспекторлор заманбап технологиянын жардамы менен иштей турган болууда.


Новости по дате