http://ktrkdev.ktrk.kg/Сүйүнчү пул алуунун шарттары жеңилдейт

Сүйүнчү пул алуунун шарттары жеңилдейт

6 Нояб , 14:04 618

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сүйүнчү пул алуунун шарттары жеңилдейт. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук тутумга өткөрүү пландалууда. 

Эми сүйүнчү пулду күбөлүк берген жерден дароо ала тургандай кылып, атайын системалар киргизилип жатат. Жаран баласына күбөлүк алуу үчүн арыз менен кошо сүйүнчү пулга да арыз берет. Анда ата-эненин банктык эсеби жазылып алынат да, каражат дароо которулат. 

Кыргызстанда 2018-жылдан тартып балалуу болгондорго 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөп берүү тууралуу мыйзам ишке кирген.


Новости по дате