http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

6 Нояб 2018 , 11:19 101

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул дата мамлекет башчынын жарлыгы менен бекитилип, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты камтылган. 

Мурдагы Советтер союзунун курамына кирген мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстан өткөн кылымдын 10-20-жылдары орун алган саясий окуяларга терең маани берип келет. КМШ мамлекеттеринин көбүндө белгилүү даталар белгиленбей калса да, Кыргызстанда буга чейин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары, ХХ кылымдагы саясий репрессияларды эскерүү күндөрү белгиленип келген.
Ушул даталар бириктирилип Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланган. Ал былтыртан тарта белгиленүүдө. Тарыхчылар убагында мамлекеттин келечеги үчүн жан-дилин аябаган ата-балаларды эскерип туруу кийинки муундун негизги милдети деп эсептешет. 

Тарыхчылардын айтымында, бул даталарды белгилөө ата- бабалардын басып өткөн жолун, келечек үчүн жасаган эрдиктерин унутпай, жарандык иденттүүлүктү жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн мааниси чоң экенин белгилешет. 

Новости по дате