http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстандын балы дүйнөдө эң сапаттуу деп табылды

Кыргызстандын балы дүйнөдө эң сапаттуу деп табылды

6 Нояб , 22:19 351

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москвада өткөн балчылар ассоциацияларынын дүйнөлүк федерациясы уюштурган иш-чарада Кыргызстандын балы алтын жана коло медалга татыды. Кыргызстандын балы 22 мамлекет катышкан эл аралык иш-чарада эң мыкты шириндик деп аталды. Анткени бал чогултулган Кыргызстандын абасы, экологиясынын тазалыгы, балдын курамы менен башка өлкөлөрдөн айырмаланып турду. 

Бизде өндүрүлгөн продукция дүйнө балчыларынын жолугушууларында бир нече жолу мыкты деп табылган. Кыргыз балынын атагы алыска угула баштаган жагдайдын артында албетте эбегейсиз изденүү, эмгек жана билим турат. Андыктан Кыргызстандын балчылар биримдиги жакынкы арада Бишкекте алгачкы ирет Евразия борборун ачканы турат.




Новости по дате