http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Эптеп оңдоо иштери жүргүзүлгөн жолдордун жоопкерчилиги кимде?

Элдик репортер: Эптеп оңдоо иштери жүргүзүлгөн жолдордун жоопкерчилиги кимде?

7 Нояб , 16:08 284

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол оңдоо иштери соңуна чыкпай жатып, четинен бузулуп, асфальты чачырап жатканына күбө болгондор жөн карап тура албай биздин рубрикага кайрылып жатышат. Мындай элден келген маалыматтар жыл башынан бери ондоп саналат.

Бул жолу Ош-Баткен-Исфана жолундагы жаңы оңдолгон жолдун жана тротуардын көрүнүшүнө күбө болгон окурман видеого тартып жөнөткөн.

Кытайлык компаниялар эптеп бүткөн жолдордун эртең жоопкерчилигин ким алат? Бүгүн салынып, эртең жараксыз абалга келген жолдун элге кереги барбы? Эмне үчүн сапатка көңүл бурулбай, санына карап калышкан. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате